super.kg logo
  Саясат  

Бишкектеги Орус драма театрынын учурдагы абалы

 
Ч.Айтматов атындагы Орус драма театры
Театр артисттеринин кийимдери
Театр артисттеринин кийимдери
Театр артисттеринин кийимдери
Театрдын гримдөөчү адиси
Театрдын директору Александр Кулинский мекеменин абалы менен тааныштыруу учурунда
2012-жылдын декабрь айында театрдын ичинен өрт чыккан
2012-жылдын декабрь айында театрдын ичинен өрт чыккан
2012-жылдын декабрь айында театрдын ичинен өрт чыккан
Эскилиги жеткен дааратканалар
Суу түтүкчөлөрү да ар жеринен тешилип, суу тамчылап турат
Театрдын жер төлөсүндөгү сахна
Театрдын жер төлөсүндөгү сахна

“Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Орус драма театрынын мамлекетке 2 миллион сом карызы бар. Анын ичинен жылуулукка 745 миң сом, электр тармагына 444 миң сом, таштандыларды чыгарууга 63 миң сом, басмаканаларга 32 миң сом жана мыйзамсыз иштен алынган артисттерге 619 миң сом төлөшү керек. Мындай маалыматты бүгүн, 17-апрелде аталган театрдын директору Александр Кулинский журналисттерге театрдын азыркы абалын тааныштыруу иш-чарасында айтты. Директор театрдагы кейиштүү абал менен кеңири тааныштырып чыкты. Ал белгилегендей, имаратта 1985-жылдан бери оңдоо иштери болгон эмес. Былтыр театрдын 2-кабатынан өрт чыккан, ал бүгүнкү күнгө чейин калыбына келтириле элек. “Учурда театрдын фондунда акча жок, сентябрь айына чейин кризистик абал болот. Аны артисттер түшүнүү менен кабыл алышты. Бирок оңдоо иштерин тезинен жүргүзбөсөк болбой турганын, театр аянычтуу абалда экенин көрдүңөр. Мурдагы башчы Борис Воробьёв документ күбөлөндүрүүчү мөөрдөн бери алып кетиптир”,- деди Кулинский. Айта кетсек, буга чейин театрдын мурдагы директору кызматтан бошотулганда ал жердеги кийме чач, артисттердин сахнага кийип чыгуучу кийимдерин, жарык берүүчү каражаттарды жана башка буюмдарды алып кеткени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: