super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ОКТЯБРЬ: "Рэкетир" тасмасы аркылуу таанылган казак актёру Саят Исембаев 41 жашка толду

 
Ушул жумада актёрдун уулу спорттун дзюдо түрү боюнча мелдеште 2-орунду алып, атасын кубанткан.
2009-жыл

Бүгүн, 14-октябрда "Рэкетир" тасмасында баш каарман Саяндын ролун аткарган казак актёру Саят Исембаев 41 жашка толду. Ал Казакстандагы А.Селезнёв атындагы окуу жайдын бий бөлүмүн аяктаган. "Десант" (1997), "Рэкетир" (2007), "Агайынды" (2009), "Кыялдагы шаар" (2009), "Күлгүн коён тууралуу баян" (2010) тасмаларында роль жараткан. Ошондой эле режиссёр Сүйүн Откеевдин "Миллиондук мелдеш" аттуу тасмасына да тартылган.

Саят Исембаев "Супер-Инфо" гезитине жараткан образдары тууралуу берген маегинде буларды билдирген: "Негизи, адамдын келбети кайсы бир образга байланып калат экен. Чынында эле мага "чёрныйлардын" ролу көп туш келет. Тажабайм го, себеби мага мындай ролдор жагат. Токтоо, сүрдүү адамдардын ролун да катыра аткарам. Балким, бул мүнөзүмдөн улам болсо керек. Ошентсе да кыялымда эки жүздүү, шүмшүк кишинин образын жараткым келет. Менин көздөрүм куу адамдыкындай. "Рэкетирге" тартылып жатканда да режиссёр "көзүңдөгү куулукту жок кыл" деп айтып отуруп акыры максатына жетти окшойт. Чынын айтсам, "Рэкетирдеги" Саянга өзүмдү аябай окшоштурам, мүнөзүм, сүрдүү көз карашым дал келет.

Бул тасмадан соң атактуулукка жетишип, эл сыйына ээ болдум. Көчөдөн мени таанып, сүрөткө түшкүсү келгендердин саны көбөйдү. Мунун бир жаман жери бар экен. Алар сенин ошол учурдагы абалыңды, маанайыңды эске алышпайт тура. Аргасыздан күйөрмандарымдын көңүлүн оорутпайын деп жылмайып туруп берген учурларым көп эле болот".

14-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаш го көрүнүшүнөн..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: