super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 14-ОКТЯБРЬ: Түрк актрисасы Жансу Дере 36 жашка толду

 
Жансу Дере "Даңазалуу кылым" тасмасында

Бүгүн, 14-октябрда "Сыла. Үйгө кайтуу" тасмасы аркылуу атактуулукка жетишкен түрк актрисасы Жансу Дере 36 жашка толду. Ал Түркиянын Анкара шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Стамбул университетине тапшырып, археология бөлүмүн аяктаган. Студент кезинен тартып моделдик бизнес менен алектенип, Түркиядагы эң көп каражат тапкан моделдердин катарын толуктаган. Ошондон улам режиссёрлордон сунуш түшө баштаган. Анын кино тармагына болгон кадамы 2002-жылы башталып, алгач "Күүгүм" телесериалында тушоосун кескен. Андан соң "Эзель" (Эйшан Атай), "Даңазалуу кылым" (Фируза) жана башка тасмаларда роль жараткан.

Жансу Дере "Даңазалуу кылым" тасмасында иран кызынын ролун жаратып, Хүрремге атаандаш катары ойноп баштаганда эле күйөрмандарынын чоң сынына кабылган. Атактуу актрисанын аткаруусун жактырбай, "Жансу Дерени сериалдан жоготкула" деген талап менен “Даңазалуу кылым” долбоорунун жетекчилигине кат жөнөтүүгө чейин барышкан.

Актриса жеке жашоосу тууралуу: "Мырзалардан көңүлүм калды. Алардан жамандыкты гана күтсө болот. Азырынча жан биргем жок. Эгер тапсам, мындан аркы жашоомду үй-бүлөмө арнайм", - деп билдирген.

14-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алардан жамандык кутсон.Такыр тийбей кой эрге эч ким сени мажбурлабайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: