super.kg logo

Эрнис Кыязов, журналист: "Атамбаевге 5 жылда реформа жасоого эмне тоскоол болду?"

 

Интернеттеги социалдык тармакта президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияда сүйлөгөн сөзү сынга алынууда. Тблисиде президент Атамбаев Кыргыз Республикасы укук коргоо тармагын реформалоодо Грузиядан үлгү алышы керектигин айткан. Журналист Эрнис Кыязов өлкө башчы Атамбаевге 5 жылда реформа жасоого эмне тоскоодук кылганын сурап, президентке социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу суроо салды.

"Буга чейин депутаттарыбыз деле, министрлерибиз деле, ишкерлерибиз деле, журналисттерибиз да бир сыйрадан Грузияга барып “...биз да ушундай болсок кана...” деп тамшанып келишти эле. Мына эми президентибиз Алмазбек Атамбаев да Грузияга барып “...кантип реформа кылуу жагынан Грузиядан үлгү алсак...” деп суктаныптыр", - деген Кыязов аталган өлкө кыска убакытта кантип реформа кылганын "жиликтеп" жазды.

"Жарк эткен батыл реформа кылууга Атамбаевге эмне тоскоол болду?" деп өзүмчө ойлонуп, кандайдыр бир нерсе тоскоол болгонуна такыр башым жетпей койду. Каалаган мыйзамыңызды өткөрүп алууга парламент колуңузда болду, аткаруу бийлигине каалаган реформаңызды каалагандай аткартууга өкмөт да колуңузда турду, юридикалык мандемдер болсо кыңк этпей жасаттырууга сот колуңузда турду, элге өз позицияңызды каалаганча, каалаган көлөмдө жеткирүүгө маалымат каражаттары колуңузда болду. Эл билбеген, сиз билбеген сырларды астыңызга алып келип жая салган УКМК колуңузда турду, тентектерди жазалоого милиция, күч органдары, армия колуңузда турду. Ажолук кызматка киришкен алгачкы жылдары маал-маалы менен “кескин реформаларды жасоого акаевчилер, бакиевчилер дагы эле жолтоо болуп, бут тосуп жатышат” деген мааниде кыңырылчу элеңиз, азыр айланаңызга өңчөй акаевчилер, бакиевчилер топтолуп алып бир кездеги идеялашыңыз, досуңуз Текебаевге каршы согуш ачкан “реформаңыздын” маанисин өзүңүз деле түшүнбөй калдыңыз болуш керек..." - дейт Кыязов.

Президенттин Грузияда журналисттер менен жолугушууда Украинадагы төңкөрүш боюнча айткан пикирин сындагандар да көп. Атамбаев Украина бир төңкөрүштү токтото албай жатканын, ал эми Кыргыз Республикасы 2 төңкөрүштү убагында токтотуп калганын билдирген эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
14.10.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кыязов азамат.
14.10.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эн Жакшы журналист, баар жокту ачык айкын айтып,болгонун болгондой жазат. Эрнис Кыязов азаматсыз! Сизге окшогон журналисттер коп болушун каалайм.
14.10.2016. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат Эрнис! Таамай айтыптырсын! Созуно 100% кошулам
14.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Азаматсыз Эрнист чындыкты айтыпсыз. Бирок абайлап суйлонуз азыр чындыксуйлогондор тез эле куноолуу болуп саясий кысымга алынып кыйналып калып атат!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: