super.kg logo

Экс-элчи Кылычбек Султанов: "Чукумай" кезеги мага жеткен көрүнөт..."

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы экс-элчиси Кылычбек Султанов 10 жыл мурун сатып жиберген мүлкү боюнча тийиштүү кызматтардан кат алганын маалымдады. Султанов 13-октябрда социалдык тармактагы жеке баракчасына буларды жазды:

"10 жыл мурда сатылып кеткен Гольф-2 машинамды декларацияга киргизбептир деп тиешелүү кызматтар таап чыгышыптыр. Мамлекеттик кызматкер катары 2012, 2013, 2014-жылдары деле ал машинаны декларацияма кошкон эмесмин, илгери-илгери эле сатып жибергениме байланыштуу. 12-октябрда кат келиптир, кылмыш иши козголушу мүмкүн деген мааниде. Азыр таап чыгышканынан улам "чукумай" кезеги мага жеткен го деп ойлоп койдум".


Экс-элчи тийиштүү кызматтын суроо-талабына жооп кылып 2015-жылкы декларациясы жөнүндө түшүндүрмө берген. Анда 2003-жылы чыгарылган Мицубиси Паджеро автоунаасын 2014-жылы башкы ишеним кагазы менен 10 миң долларга сатканын, бул маалыматты 2014-жылы тапшырган декларациясында көрсөткөнүн айтат. Ал эми 1990-жылы чыгарылган Фольксваген Гольф унаасын 2004-жылга жакын сатып алып, кайра 2005-жылга жакын башкы ишеним кагазы менен саткан. Буга байланыштуу аталган автоунааны 2012, 2013, 2014 жана 2015-жылдары деле тапшырган декларацияларында көрсөтүлбөгөнүнө карабастан, ушул жылкы декларацияда көңүл бурулганына таң калганын билдирет.

Декларациясында көрсөткөн мүлктөрүнөн башка карамагында мүлкү жок экенин жазган Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(8)
14.10.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озун которойун десе керек бул байкени эмне кылмак эле бийлик газетан мени жамандап жатат деп камамак беле
14.10.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бет бет эмес бетон болуп калыптыр бийликчилердин. Сиз дагы СДПК Партиясына отуп алынып ушулардын баарын тантыгын чыгарып. Бийлик кеткенден кийин кайра Ата-Мекенге отуп алынызда.Ө.Чиркешоович деле туура тушунот деп ойлойм
14.10.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Элге корунуктуу иштерди жазап алдыга чыгып бараткан адамды ошентип чукумак тургай ойдо чыгарбай бутунан ылдый тартып... коро албастыкпы же атаандаштыкпы?
14.10.2016. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оз кызыкчылыгынызды ойлобой кызматты оз каалоонуз менен кетип туура оз оюнунузду айткан учун ушул акыбалга жетип отурасыз. Акыйкаттык баары сиз тарапта деп ойлойм. Конституцияга озгортууну колдогондордун миллиондорун эмне корушпойт! Гольф2 кимде гана жок, ошону чукугандан уялбайбы!
Arslan12 түзөттү 2016-10-14 12:22:27
14.10.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийликтин колунда чывыгы бар
14.10.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир гольф 2 ни декларацияга көрсөтпөгөнү үчүн кылмыш ишин козгойм десе, анда депутаттын баары камалат го. Ушундай мелочтон кургак чыгып аткан Текебаевге таң бердим. Прокурор, милицияң колунда гоняй деп эркекче эле айтыптыр.
14.10.2016. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Элди жылда соруп койгон ажыдаарды олтургону барып,аны олтургондон кийин,ажыдаардын байлыгына ээ болуп, кийинки жылы озу ажыдаарга айлангандар жонундо мультфильм, биздин чиновниктер менен депутатар жонундо.
15.10.2016. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гольф 2 менде деле бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: