super.kg logo

Ош шаарында жылуулук бериле элек

 

Ош шаарында жылуулук бериле элек. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык мэриясынын коммуналдык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Раманов билдирди.

"Бүгүнкү күндө Ош шаардык мэриясы калкка жылуулук берүүгө 100 пайызга даяр. Учурда шаар элине жылуулук бербей кармап турабыз, анткени аба ырайынын көрсөткүчү нормадан жогору болууда. Эгерде аба ырайынын көрсөткүчү беш күн бою 8 градус жылуулуктан төмөн болсо, анда дароо жылуулук берилет", - деп билдирди Раманов.

Маалыматка караганда, өткөн жылы 27-октябрда Ош шаарында калкка жылуулук берилген.

"Бишкек шаарында кышкы сезондо 140 күн жылуулук берилет. Ал эми Ош шаарында климаттык шартка байланыштуу 120 күнгө ылайыктап жылуулук берилет", - деп кошумчалады Коммуналдык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы.

Кошумчалай кетсек, Бишкек мэриясы жылуулукту бүгүн, 14-октябрдан тарта берип баштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.10.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкеке бизге деле берилелек
14.10.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошко деле уже берип баштаса болот эле
14.10.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
өздөрү тоңуганда анан беришет дейин десем өздөрү тоңубайт булар эл менен иштери жок
борбордо бергенден кийин бере бербейби ошко деле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: