Женевада учакты жардыруу аракетин көргөн орусиялык жаран кармалды
Швейцариянын Женева шаарында учакты жардыруу аракетин көргөн орусиялык жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "Женевадагы аэропортто каттоодон өтүп жаткан адамда жардыруучу зат болуусу мүмкүн" деген маалыматты кызматкерлер тийиштүү бөлүмгө билдиришкен. Ыкчам аракет менен шектүү адам кармалган. Ал Орусиянын жараны экендиги белгилүү болгон. Орусиялык жаран жардырмакчы болгон Женева-Москва каттамындагы учак менен 115 жүргүнчү учмак.
Аталган учакты эксперттер текшерүүгө алып, жүргүнчүлөрдү башка учакка отургузушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.