super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Балалыкты эңсөө" клибинде кичинекей балдар образга кире албай, тентектик кылып жатышты" дейт ырчы Нурболот Теңизбек

 

"Медиа-портал" бөлүмүндө колдонуучуларга таттуу балалыкты эстеткен клиптердин бири "Чоро" тобу менен Айбек Бакытбековдун аткаруусундагы "Балалыкты эңсөө" ырынын клиби болду. Аталган клипте жаш балдар берилүү менен ойноп, клиптин көркүн чыгарганын айтат "Чоро" тобунун солисти Нурболот Теңизбек.

"Азыр интернет, техника өнүгүп, жаш балдардын баары балалыгын телефон менен алышып өткөрүп жаткандай элес калтырат. Мурун чүкө ойноп, кагаздан учак жасап учуруп, балалыктын доорун сүрүшчү. Клипте Айбек экөөбүздүн айылга барып бала чакты эстеп турганыбыз, балдардын кадимки күнүмдүк жашоосу, ойноп жаткандары, апасы дагарага салып жуунтуп жатканы сүрөттөлөт.

Клип Кой-Таш айылында тартылды. Каармандарды кастинг аркылуу тандап алдык. Алар алгач образга кире албай, тартуу аянтчасынан кетип калып тентектик кылып жатышкан эле. Бирок жыйынтыгында жакшы ойноп беришти. Көпчүлүгү балдардын ойногонун жактырып, жакшы пикирлерин айтып жатышат. Алардын ойногону өзүмө да жакты", - дейт ырчы.

"Чоро" тобу менен Айбек Бакытбеков аткарган "Балалыкты эңсөө" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: