super.kg logo

Рамзан Кадыров: "Фёдор Емельяненконун кызына кол салган адамды кармап, аёосуз жазага тартуу керек"

 

Орусиялык мушкер Фёдор Емельяненконун кызынын сабалганы боюнча Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров билдирүү таратты. "Кадыров менен спортчунун ортосундагы пикир келишпестиктин буга тиешеси болушу мүмкүн" деген божомолдор Чеченстандын президентинин бул билдирүүнү таратуусуна себеп болгону сыр эмес.

Орусиялык басылмалар кабарлагандай, Кадыровдун кайрылуусунда төмөнкүлөр жазылган: "Фёдордун кызынын сабалганы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керек. Бул жерде балага кол көтөрүү фактысы менен катар улуттар аралык жаңжалды жаратууга аракет кылганы үчүн да чара көрүү керек. Жылына миңдеген балдар түрдүү кордуктарга туш болуп жатышат. Бул көрүнүш менен укук коргоо органдары гана эмес, жалпы эл күрөшүүгө тийиш".

Кошумчалай кетсек, Емельяненко жакында Рамзан Кадыровдун 8-9 жаштагы уулдарынын эрежесиз мушташка чыкканын катуу сынга алган. Бул окуя массалык маалымат каражаттарында башкы темага айланган. Кадыровдун тарапташтары социалдык тармактар аркылуу "Акыркы император" аталган Фёдордун дарегине түрдүү сөздөрдү айтышкан. Ушуга байланыштуу "анын кызынын сабалганына Кадыровдун тегерегиндегилердин тиешеси болушу мүмкүн" деген божомолдор айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.10.2016. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тынч болгула чечендер..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: