super.kg logo

Бишкекте 100гө жакын адам митингге чыкты

 

Бишкек шаарындагы Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургундары 5 жылдан бери электр жарыгы жок жашап келгенин айтышып, бүгүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын алдына митингге чыгышты. Бул маалыматты SUPER.KG порталына конуштун тургуну Атай Исаев билдирди. Анын айтымында, конушка трансформатор, зым карагайлары орнотулуп, электр чубалгылары тартылганы менен, электр энергиясы берилген эмес. Бул үчүн тургундар өз чөнтөктөрүнөн 10 миң сомдон чыгарып беришкен.

"Мына, бүгүн кар жаап салды. Үй суук, балдарыбыз менен тоңуп отурабыз. Электриктер светти каалаганда өчүрүшүп, каалаганда күйгүзүшөт. Ар бир электрди кошуп бергени үчүн 500-800 сомго чейин акча алышып, кайра эле өчүрүп салышат. Ошондуктан бүгүн Мамлекеттик экотехинспекцияга келип, убактылуу жарык берип тургула деген өтүнүч менен кайрылып жатабыз. Алар биздин турак үйлөр жайгашкан жер тилкелери трансформацияланмайынча электр энергиясын тартып келүүгө уруксат бербейбиз деп жатышат", - дейт Ак-Ордо-3 жаңы конушунун тургуну Атай Исаев.






Ак-Ордолуктар экотехинспекцияга нааразы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.10.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сабрдуулукту кыргыз элине берген экен.5-жылдан бери утурумдуу жарыгы жок жашашса соз деле калбаптыр чондорго баарын айтып атап буттук
14.10.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Свет озубуздон чыгып атып акыбалыбыз ушул!!!деги качан онолобуз???!!!
14.10.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз элиме ыразычылык чондорубузга наалат
15.10.2016. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Свет озубуздон чыгатко эмнеле ушул свет маселеси кыйнаш керек бизди тушунбойм..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: