ЖЫЛНААМА, 14-ОКТЯБРЬ: 103 жыл мурун акын Төлөн Шамшиев туулган
Акын Төлөн Шамшиев 1913-жылы 14-октябрда Өзгөн районундагы Куршаб айылында туулган. 1927-жылы Өзгөн шаарындагы интернатта, 1932-жылга чейин Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында окуган. 1932-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде редактор болгон. 1942-1946-жылдары Т.Шамшиев Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушта Берлинге чейин барган. 1946-жылы аскерден келип, 1949-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин төрагасынын орун басары, "Кызыл Кыргызстан" гезитинин бөлүм башчысы, Жазуучулар союзунун консультанты, "Кыргызстан" мамлекеттик басмасында, "Кыргызстан" мамлекеттик окуу-педагогика басмасында редактор болуп кызмат аткарган.
Т.Шамшиев 1936-жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон. 1938-1948-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Т.Шамшиевдин чыгармачылык иши 1930-жылдан башталып, "Кызыл пахтачы", "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" гезиттерине жарыяланып турган. 1934-жылы "Отуз-Адыр" аттуу поэмасы өзүнчө китеп болуп чыккан жана анын чыгармалары орус, украин, латвия, армян, япон тилдерине которулган. Т.Шамшиев "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн", "Берлинди алгандыгы үчүн" жана "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун жеңиштүү аяктаганына 20 жыл", "СССРдин Куралдуу күчтөрүнө 50 жыл", "1941-1945-жылдардагы согуштун жеңишине 25 жыл", "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгы" медалдары менен сыйланган.
14-октябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















