super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Өрүкзардын үйлөнүүгө шарты чектелүү жаштары Бишкекке чакырылды

 
Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги 2012-жылдын - Үй-бүлө, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганына байланыштуу аз камсыз болгон жаштарды колдоо максатында 5-ноябрь күнү чоң үйлөнүү үлпөт тою өткөрүлөт. Анда Баткен облусунан 3 аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары Бишкек шаарына үйлөнүү тоюн өткөрүү үчүн барышмакчы. Алардын кийиминен баштап нике шакегине чейин уюштуруучулар камсыз кылып, тойлорун өткөрүп беришет. Жаштар өздөрү менен кошо 5 дос-тууганын алып барса болот. Ал эми алардын чыгымдары үчүн жергиликтүү башкармалыктардын акча бөлүп берүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: