super.kg logo
  Спорт  

Депутат: "Эл аралык мелдештерге катышуу үчүн карызга акча алып, кайтара албай жүргөн спортчулар бар"

 

14-октябрда Бишкекте Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коллегиялык отуруму өтүп жатат. Анда "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын жыйынтыгы тууралуу маселелер каралып, катышуучулар суроо узатып жатышат.

Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров сөз алып, спорт тармагында көптөгөн көйгөйлөр бар экенин белгиледи. Ал айрым спорт түрлөрү боюнча улуттук курамалар машыккан залдардын абалы өтө начар экенин айтты. "Каражатты туура, үнөмдүү пайдалануу керек. Учурда чет өлкөдөгү мелдештерге катышуу үчүн карызга акча алып, бирок кайтып келген соң карызын кайтара албай калган спортчулар бар. "Эмнеге Олимпиадага жолдомо алган жоксуңар?" деген суроо узатылса, "башкы машыктыруучу жок болуп калды" деп жооп берип жатасыңар. Бул жетекчиге жарашпай турган жооп. 1,5 жылда 1 машыктыруучу таба алган жоксуңарбы?"- деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: