super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: 61 жыл мурун кыргыз балбаны Кожомкул Каба уулу көз жумган

 
1955-жылы 15-октябрда кыргыз балбаны Кожомкул Каба уулу 67 жаш курагында көз жумган.
Кожомкул Каба уулунун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда туулган деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. КРнын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде "Gabajev" деп кол койгон. 1931-1932-жылдары КПССтин мүчөлүгүнө өтүп, партбилетинин номери 1354413 болгон.
Бала кезинде байларда койчу болгон. Ал эми 1921-1929-жылдары Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы­, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин Аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1948-жылы персоналдык пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин “Победа” колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген.
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Айрым маалыматтар боюнча, 47 жашында анын салмагы 164 килограмм, боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр, 52 өлчөмүндөгү өтүк кийген. Колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон. 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да тараган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(3)
15.10.2016. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын чыныгы патриоту
15.10.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олимпиадага жибериш керек болчу
15.10.2016. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдары барбыкен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: