super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: Германиялык футболчу, "Арсеналдын" жарым коргоочусу Месут Өзил 28 жашка толду

 
Теги түрк болгон германиялык футболчу, лондондук "Арсеналдын" жарым коргоочусу Месут Өзил 28 жашка толду. Ал 1988-жылы Германиянын Гельзенкирхен шаарында туулган.
Өзил өзүнүн карьерасын Гельзенкирхендин ар кандай жаштар клубунда ойноп баштаган, андан кийин "Рот-Вайс", "Шальке-04" клубдарында ойногон. Профессионалдык карьерасын 2006-жылы "Шалькенин" курамында баштаган. 2008-2010-жылдар аралыгында "Вердердин" курамында ойногон.
Анын оюн уюштуруу жана пас чыгаруу чеберчилигине кызыккан машыктыруучу Жозе Моуринью аны мадриддик "Реалдын" курамына алып келген. Дал ушул клубда Месут эмнеге шыктуу экенин толук далилдеп, мыкты футболчулардын катарын толуктаган. 2013-жылы футболчу лондондук "Арсеналдын" курамына кошулган.
Месут 2007-жылы Германия курама командасына 21 жаштагы оюнчулардын катарына чакырылган. Негизги курамда 2009-жылдан тарта ойноп келет. 2014-жылы Германия курамасынын Дүйнө чемпиону болуусунда негизги ролду ойногон оюнчулардын бири.
15-октябрдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.10.2016. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы дагы коп коп оюндарын кутобуз.
15.10.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкты футболчу. Азыр Германия командасынын курамын карайт турган болсон, талашсыз турдо негизги курамга илеше турган бир топ турк улутундагы футболчулар бар. Озил, Эмре Жан, Илкай Гюндаган, Шкодран Мустафи, Карим Беллараби ж.б. Булар не деген гана талантуу оюнчулар азыр, Европадагы мен мен деген гранд клубдардын дайым коз алдында жургон, талашуусунда жургон оюнчулар. Ушулар баары Турктор учун ойногондо, пай пай мыкты команда куралмак экен.
15.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн уникалдуу футболист онугуп осо бер Озил!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: