super.kg logo
  Саясат  

Владимир Жириновский: "Кыргыздар Ысык-Көлдү Орусияга берсин"

 

2012-жылдын 20-сентябрында Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Орусияга болгон 500 миллион доллар карызын кечүү боюнча келишимге кол коюшкан. 16-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасында бул келишим талкууланды. Анда сөз сүйлөгөн депутат Владимир Жириновский "Орто Азиядагы мамлекеттер алганды гана эмес, бергенди дагы билиш керек" деген оюн айтты. “Бишкек мурун кыштак болчу, аны СССР куруп, азыр чоң шаарга айланды. Кыргызстанда алтын, уран сыяктуу баалуу кен байлыктар көп. Эгер Кыргызстан аларды бергиси келбесе, анда карызын кечип жатканыбыз үчүн Ысык-Көлүн берсин. Бул керемет көл. Карыздар боюнча маселени караган орган туура эмес иштөөдө. Биз берип эле жүрө беребизби? Кимдин эсебинен? Элдин эсебинен беребизби?”- деди Жириновский. 

 

 






Жириновский: "Кыргыздар Ысык-Көлдү Орусияга берсин"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: