super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-ОКТЯБРЬ: Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев тирүү болгондо 95 жашка чыкмак

 

Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы 15-октябрда Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1944-1951-жылдары Талас облустук "Лениндик туу" гезитинин жооптуу катчысы, 1951-1954-жылдары Москвадагы жогорку мектепте, 1965-1967-жылдары СССР Жазуучулар союзунун Жогорку адабий курсунда окуган. Кийин "Кыргызстан пионери" гезитинин редактору, Жазуучулар союзунун катчысы, адабий кеңешчиси болуп иштеген. 1984-жылдан тартып кызматты таштап, биротоло чыгармачылыкка бет алган.

Туңгуч ырлар жыйнагы "Биринчи жаңырык" деген аталышта 1949-жылы чыккан. 1959-жылы жарык кергөн "Ак Мөөр" поэмасы Эралиевдин чыгармачылыгындагы чоң бурулуш болгон. Андан кийин анын көптөгөн ырлар жыйнагы кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн. Котормо өнөрүнө да зор салым кошкон. Анын ырлары дүйнөнүн көп элдеринин тилдерине которулган.

Сүйүнбай Эралиев Токтогул сыйлыгынын, Фадеев, А.Табалдиев, Ч.Айтматов клубунун Эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Ошондой эле Эл достугу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Сүйүнбай Эралиев 2016-жылдын 16-июлунда каза болгон.

15-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.10.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бала кездин керемет чыгармаларынын автору, кайран киши быйыл өтүп кетти. Жаткан жери жайлуу болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: