super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Новониколаевкада май куюучу станция турак жайлардын жанына салынганынан бензиндин жыты үйлөргө кирүүдө

 
Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Новониколаевка айылында май куюучу станция турак жайлардын жанына салынган, мындан улам бензиндин жыты үйлөргө кирүүдө. Мындай нааразычылыгы менен бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталына жергиликтүү тургундар кайрылышты.
"Станцияны алгыла же алысыраак жакка салгыла деп айтып, ар кимге кайрылдык. Айыл өкмөтү да, Кара-Балтадагы райондук администрация да кабыл албай, "билгениңерди кылгыла" дегендей мамиле жасап коюшту. Эми ал станциянын жанына газ куюучу жай ачылат экен. Бүгүн да ушул көчөдөгүлөр топтолуп барсак, куруп жаткандардын чоңу тоготпой койду. Бензиндин жытынан ууланмай болдук", - дешти Новониколаевканын жашоочулары.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗСтин жайгашкан жерин жергиликтуу архитектура болуму кесип берет ошол жактын архитекторунна чара корсо болот.Себеби Санитардык нормалар жана эрежелерди сактап анан кесиш керек эле жер тилкесин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: