Ошто болгон оюнда "Алай" менен "Дордойдун" футболчулары жеңүүчүнү аныктай алышкан жок

Бүгүн, 15-октябрда футбол боюнча өлкө чемпиондугу – ТОП-Лиганын алкагында Ошто "Алай" футболдук клубу бишкектик "Дордойду" кабыл алды. Беттеш 1:1 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, командалар бирден упайга ээ болушту.
Беттештеги 2 гол тең кошумча убакытта пенальтиден киргизилди. Алгач "дордойчулардан" Ислам Шамшиев 11 метрлик айып соккусун так аткарса, 3 мүнөттөн кийин "алайлыктар" пенальти тебүү менен эсепти теңешти. Бул ирет Максат Алимов айырмаланды.
Жыйынтыгында командалар башка оюндардан упай жоготпоо аракетин күчөтүшөт. Мелдеш жадыбалында 3 команданын карамагында 36 упай болду. "Алгада" атаандаштарына караганда 1 оюн көп.
Мелдеш жадыбалы:
1-орун. "Алай" (Ош) - 36 упай
2-орун. "Дордой" (Бишкек) - 36 упай
3-орун. "Алга" (Бишкек) - 36 упай
4-орун. "Абдыш-Ата" (Кант) - 20 упай
5-орун. "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 13 упай
6-орун. "Ала-Тоо" (Нарын) - 7 упай
7-орун. "Алдиер" (Куршаб) - 7 упай
















1 |