Өзбекстан: "Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жакшы өттү"
5-14-октябрь күндөрү Андижан жана Фергана шаарларында Өзбекстан менен Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуулары өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуулардын жүрүшүндө жумушчу топтор Наманган, Андижан жана Фергана облустары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары чектешкен 55 аймакка барышты. "Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар протоколду бекитишти. Жолугушуулар жакшы өттү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:37
2025-07-02
2:41
2025-07-02
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

Рейтинг:
0

Эми чечкенге убакыт келдиго...
Бизге талаш болгон жерлер аныкталсын.Дагы кирип журбосун биздин аймак деп.