Өткөн суткада өлкөдө 18 өрт кырсыгы катталып, Тогуз-Торо районунда 12 тонна чөп күйүп кетти
Өткөн суткада өлкө аймагында 18 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Атай айылындагы үйлөрдүн биринин короосунда жыйылган 12 тонна чөп жана 200 түк чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдын суммасы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.