super.kg logo

Прокуратура кызматкеринин унаасын жардырууга шектелген жаран жабырлануучунун алыс тууганы болгон

 

Башкы прокуратура кызматкеринин унаасын жардырууга шектелген жаран жабырлануучунун алыс тууганы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалган. Ал жабырлануучу Эркин Курманалиевдин алыс тууганы болгон. Шектүүнүн үйүнөн ок атуучу куралдын бир канча түрү, ок-дарылар, граната, детонатор табылган. Ошондой эле ал Ысык-Көл облусундагы таанышынын үйүнө винтовка, тапанча, граната, ок-дарылар, ички иштер органдарынын бир башкармалыгына тиешелүү мөөр, ок атуучу курал алып жүрүүгө уруксат берүүчү бланктарды жана Калашников автоматын жашырган. Учурда топтолгон бардык материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Айта кетсек, окуя 29-июль күнү эртең менен саат 08:45 чамасында Бишкектин четиндеги Орто-Сай айылында болгон. Анда Башкы прокуратуранын ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкери Эркин Курманалиев унаасынын эшигин ачкан кезде жарылуу болгон. Анын кесепетинен унаа ээси оң көзүнөн жана сол колунан жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
17.10.2016. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Колунда бийлик бар туруп жакшылык кылбасан балана.да жакбайсын булго алыс эле тууганы экен. Айтайын дегеним жакшы честный иштеп адамдарды какшатпай журсон эч ким сага тийбесе керек эле
17.10.2016. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча куралдар кайактан алынган.экоосун тен жакшылап текшериш герекго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: