Канга боёлгончо кичинекей балдарын мушташтырып, алардын чыдамкайлуулугун текшерген аталар бүгүн СИЗОго которулушат
Канга боёлгончо кичинекей балдарын мушташтырып, алардын чыдамкайлуулугун текшерген аталар бүгүн СИЗОго которулушат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Балдарын мушташтырган 1973-жылы туулган Бактияр Низамов жана 1987-жылы туулган Хосилжон Алимовду 2 айга камакка алуу чечими 15-октябрь күнү чыкты. Буга чейин алар убактылуу кармоочу жайда кармалып жатышкан, бүгүн СИЗОго которулушмакчы", - деди Ж.Ашырбаев.
Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан. Иликтөө иштеринин алкагында видеодо 2009-жылы жана 2010-жылы туулган эки кичинекей баланын чыдамкайлуулугун текшерүү максатында аталары мушташтырганы белгилүү болгон.
Балдардын кан төгүлгүчө согушканын карап тургандарын...




Бирок.бирок мынчалык эмес.канга боёлгончо муштвштырбай бир ааз канап кетсе алып коюш керек.короз уруштургандай карап тура бербей.