super.kg logo

Бишкекте "кызганычтан улам аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелген жарандын иши сотко өттү

 

Бишкекте "кызганычтан улам аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелген жарандын иши Ленин райондук сотуна өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кылмышка шектүү катары кармалган маркумдун 1984-жылы туулган Д.З. аттуу күйөөсүнө "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал күнөөсүн мойнуна алып, аялын жоолугу менен муунтуп өлтүргөнүн билдирген. Ошондой эле ал окуядан кийин өз жанын кыюуга аракеттенгенин кошумчалап, аны 6 жаштагы уулу көрүп калып, аман алып калганын айткан.

Эске салсак, 4-августка караган түнү саат 02:50 чамасында "102" кызматына Трудовая көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен адам өлтүрүү фактысы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 27 жаштагы келин өлтүрүлгөнүн аныкташкан. Иликтөө иштеринин алкагында маркумдун күйөөсү аялы уктап жатканда аны муунтуп өлтүргөнү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.10.2016. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азыркы заманда койнунда жаткан куйооно да ишениш кыйын болуп калды
17.10.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Sholpon, аялына да ишениш кыйын дегеле он козун Сол козуно ишенбей Туран заман
17.10.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Sholpon,колунда бар билинбейт, камчыдан откон курал жок. Койнунда жатып билинбейт катындан откон душман жок.
17.10.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш 6жашар балага эле жабыр болуптур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: