super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 17-ОКТЯБРЬ: Украиналык ырчы, ди-джей, алып баруучу Иван Дорн 28 жашка толду

 

Бүгүн, 17-октябрда украиналык ырчы, ди-джей, алып баруучу, "Пара нормальных" тобунун экс-солисти Иван Дорн 28 жашка толду. Ал Орусиянын Челябинск шаарында төрөлгөн. 11-классында апасынын сунушу менен Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы-6" теледолбооруна катышып, алдынкы 20 катышуучунун катарын толуктаган. Аталган теледолбоордун акыркы турунда жеңилип калган. 2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алып баруучулук жаатында өзүн сынамакка "М1" телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө "Пара нормальных" дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт "Бактылуу аякташын ойлоп табам" ("Я придумаю happy end") ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Топтон кетүү себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн.

Иван Дорн жеке ырчы катары "Стыцамэн", "Бигуди", "Түндүк жаркырагы" ("Северное сияние"), "Көк, сары, кызыл менен" ("Синими, жёлтыми, красными") ырлары менен белгилүү болгон. Ырчы жеке жашоосу, үй-бүлөсү тууралуу айтууну жактырбайт. Маалыматтарга караганда, ырчы үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: