Министрдин "мектептер китеп менен 79,6 пайызга камсыздалды" деген сөзүнө депутаттар ишенишкен жок

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 17-октябрдагы отурумунда билим берүү министри Эльвира Сариева өлкөдөгү мектептерди китеп менен камсыздоо жылдан-жылга өсүп баратканын айтты.
"2015-2016-окуу жылы мектептер китеп менен 79,6 пайызга камсыздалды. Салыштырсак, 2010-жылы бул көрсөткүч 58 пайызды түзсө, 2013-жылы 70 пайызды түзгөн. Быйыл мектептерди китеп менен толук камсыздаш үчүн 12 миллион китеп керек", - деди министр.
Депутаттар аны менен макул болушкан жок. Рыскелди Момбековдун айтымында, китеп чыгаруу тармагы коррупцияланган. "Өлкөдө акыркы 5 жыл ичинде китептерди басып чыгарууга билим берүү тармагына жарым миллиард сомго жакын каражат жумшалган. Бирок аймактарды кыдырып чыксаңар, 79,6 пайызга китеп менен камсыздалган бир да мектепти таппайсыңар. Ата-энелер балдарына китептерди өздөрү алып берүүгө муктаж", - деди депутат.

Питансына айына 180 взноско айына 20 сом,1окуучуга 200сом ,менин бир балам окуйт мектепте,а балдары коп окугандар эмне кылышат
Мен Бакиевчилепден эмесмин,бирок козго корунуп жатат да Бакиевдин убагында олкобуз оноло баштаган эле,азыр кайра артка кетип жатабыз