super.kg logo

Бишкектеги каралбай калган "Күн балыктары" фонтаны оңдолууда

 
Жаңы эскиздик долбоор
Жаңы эскиздик долбоор
Жаңы эскиздик долбоор

Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги көптөн бери каралбай калган "Күн балыктары" фонтаны оңдолууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 17-октябрда билдирди.

"Бишкек суу-канал" ишканасынын аймактык өндүрүштүк-эксплуатациялык тейлөө боюнча башчысы Мирлан Абыкуловдун айтымында, фонтанды жууп, сырдап, аймагын жарыктандырышат.

"Учурда атайын уюмдун жумушчулары суу менен туз катмарларын жана баткактарын жууп жатышат. Эми биз фонтандын түбүн оңдоону, фигуралык элементтердин көрүнүшүн калыбына келтирүүнү пландап жатабыз. Ошондой эле түтүктөр орнотулуп, жарыктандырылат", - дейт ал.

Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков райондун администрациясы бул жерге отургучтарды орнотуп, таман таш төшөп, шаар тургундары үчүн эс алуу аймагын жасоону пландаштырып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, даяр эскиздик долбоор бар.

Фонтан 1982-жылы салынган. Анын автору - сүрөтчү Владимир Кругман.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.10.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы экен, бирок бизде долбоорду корсон укмуш сонун,кийин буткондон корсон долбоордогу проекттин жарымынча да болбойтко.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: