super.kg logo

Бишкек шаарындагы социалдык объектилерге жылуулук берилди

 

Коммуналдык кызматтардын билдирүүсү боюнча, Бишкек шаарындагы бардык социалдык объектилерге жана турак үйлөргө жылуулук берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын сайтына бүгүн, 17-октябрда жарыяланды.

"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун маалыматы боюнча, 61 пайыз медициналык мекемелерге, 88 пайыз мектепке чейинки билим берүү уюмдарына, 68 пайыз мектептерге, 93 пайыз турак үйлөргө жана 35 пайыз ведомстволук турак үйлөргө жылуулук берилди.

"Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, 100 пайыз медициналык мекемелер, 100 пайыз бала бакча, 100 пайыз мектептер, 99 пайыз турак үйлөр жана 75 пайыз жогорку окуу жайлар жылуулук менен камсыз болду.

"Жылуулук энергия-ремонт" күйгүзүү иштерин толугу менен жүргүздү. "Бишкек ЭЭА" тарабынан 100 пайыз турак үйлөргө жылуулук берилди. Учурда калган керектөөчүлөргө жылуулук берүү иштери жүргүзүлүп жатат. Авариялык бригадалар күнү-түнү оңдоо иштерин өткөрүүдө", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: