super.kg logo

Орусияда өтүп жаткан жаш инспекторлордун эл аралык жыйынына Жалал-Абад облусунун окуучулары катышууда

 

Орусиянын Краснодар облусуна караштуу Анапа шаарында жаш инспекторлордун Эл аралык 11-жыйыны өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин патрулдук милиция бөлүмүнүн тескөөчүсү Нурлан Саркаров билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш инспекторлордун жыйынына Азербейжан, Орусия, Беларусь, Тажикстан жана Кыргыз Республикасынан окуучулар барышкан.

"Өспүрүмдөр арасында жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу аталган иш-чара өткөрүлүүдө. Ага Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Гагарин атындагы
№4-мектеп-гимназиясынан 4 окуучу жана алардын мугалими барды. Алар жол эрежесине болгон даярдыктарын өлкөлөр ортосунда өтүп жаткан иш-чарада көрсөтүштү"
, - деп билдирди Саркаров.

Анапа шаарындагы инспекторлордун жыйыны 11-октябрдан 24-октябрга чейин уланмакчы. Аталган
иш-чарага 14 жаштан 17 жашка чейинки окуучулар катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
17.10.2016. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: