super.kg logo

Азимжан Аскаровдун ишин кароо 25-октябрга жылдырылды

 

Чүй облустук соту бүгүн, 18-октябрда Азимжан Аскаровдун ишин кароону улантмак. Бирок судьянын ооруп калганына байланыштуу соттук отурум 25-октябрга жылдырылганын облустук соттон билдиришти.

Буга чейинки соттук отурумдарда айыпталуучу, жабырлануучу жана күбөлөр суракка алынышкан. Ошондой эле жактоочу айыпталуучуну абактан бошотуу өтүнүчүн келтирген, бирок соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.10.2016. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээй кандай бу? Тынчытып эле койбойбу. Ээ таптакыр аллергия турбайбы.
18.10.2016. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарып эле калыптыр эми тынч эле журобербейби
18.10.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Судя ооруп калды прокурор келбей калды деп эле жылдыра берет экенда.Куноосу барбы рас жазасын алсын.
18.10.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куносу бар бул адамдын.ош, ж.абадтыктар жакшы билет. аскаровту судя актап же женил жаза берсе судяны эл тирулой ортогонго даяр.
18.10.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну да чон саясатка айлантышты го.Эл бузар канчаны боздоткон арамдарды соту жок эле ХХХ ХХХ ХХХ керек эле эчак
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-18 17:07:13
18.10.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kubat_73, провокациялык билдирүүлөргө жол жок!
19.10.2016. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча таштабай жататта болбосо качан еле иши бутот эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: