super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: Америкалык актёр жана режиссёр Жан-Клод Ван Дамм 56 жашка толду

 
Актёр азыр да спорт менен алектенет.
Актёрдун жаш кези
Орусиянын президенти Владимир Путин менен
Ван Дамм кызы Бьянка Бри менен
Бьянка Бри атасынын жолун жолдоп тасмаларга тартылат, спорт менен алектенет.

Теги бельгиялык болгон америкалык актёр жана режиссёр Жан-Клод Ван Дамм Бельгиянын Беркем-Сент-Агат деген жеринде туулган. Ал кичинекей кезинде алсыз болуп, көп ооруган, балет менен алектенген. 11 жашында атасы француз каратисти Доминик Валерге алып барган, жарым жыл машыккан соң Ван Дамм оору эмне экенин унуткан. Жадакалса мугалимдери андан келечекте мыкты спортчу чыгарын айтышкан. Спортто бир топ ийгиликтерге жетишкен ал өзүн актёр катары сынап көрүүнү чечет, бирок Голливуд аны кучак жайып тосуп алган эмес. Андыктан ал алгач айдоочу, чыгыш күрөшү боюнча мугалим болуп эмгектенет. Башында эпизоддук тасмаларга тартылып, кийинчерээк режиссёрлордун көзүнө түшкөн.

Жан-Клод Ван Дамм жалпысынан 50дөн ашык тасмага тартылган. Алардын ийгиликтүүлөрү: "Кандуу спорт" (1988), "Кикбоксёр" (1989), "Бейбаш" (1990), "Кош сокку" (1991), "Универсалдуу жоокер" (1992), "Татаал бута" (1993), "Ж.К.В.Д." (2008), "Ээ-жаа бербегендер-2" (2012).

18-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
18.10.2016. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вандамдын кинолорун кызыгуу менен коруп чонойдукко..кутуктайыз..
18.10.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик братан.коп жашаныз.азырда кинолорун калтырбай кором.
18.10.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ван Дамм катышкан абак жонундо кино бар ошонун атын айтып койгула.
18.10.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул бала тируу турбайбы.
19.10.2016. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вандамдын кинолору менен чонойдукко.... Легенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: