ИИМ: Ала-Букадагы баптист аялдын сөөгүнүн жерге берилбей жатканы текшерилүүдө
Ала-Букадагы баптист аялдын сөөгүнүн жерге берилбей жатканы текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
“Ал окуя боюнча милиция кызматкерлерине эч ким арыз менен кайрылган эмес. Бирок интернетке чыккан маалыматтын негизинде текшерүү иштери жүрүп жатат”, - деп билдиришти аталган министрликтен.
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан. Кийин Өрүктү айылына коюшкан, бирок ага да каршылыктар болгондуктан, сөөк Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу жерге коюлган. Айыл эли буга да каршы чыгып, сөөк экинчи жолу казылып алынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Мусулман адамдын жанына коюуга болбойт дини башка болсо. Кор азабы деген бар(Кудайым баарыбызды андан сактасын), каапыр адам кобуроок азап тартат кабырда. Ошонун кесепетинен мусулм
Тайлак баатыр арабтар эмес Кокон хандыгы менен курошкон, тарыхты жакшылап карап чыккыла.
Тенирчи болсон озуно бирок аттин алданып журосунор. Тенирчи десем бутун куйуп жатабы чыдабай.