super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: "Бригада" телесериалы аркылуу таанылган Сергей Безруков 43 жашка толду

 
Актёрдун бала кези
Актёрдун балдары делген Александра жана Иван
Сергей Безруков ушул жылдын 4-июлунда кыздуу болгонун сүйүнчүлөгөн

Бүгүн, 18-октябрда орусиялык актёр Сергей Безруков 43 жашка толду. Ал Москвада төрөлгөн. Көрүүчүлөр "Бригада" телесериалы аркылуу Саша Белый деп тааный башташкан. 2002-жылдын сентябрь-октябрь айларында сериал жарыкка чыкса, жыл аягында актёр Орусиядагы "Жылдын жүзү" сынагында "Жылдын актёру" наамына ээ болгон. Ал эми 2008-жылы Безруков "Орусиянын Эл артисти" наамына татыган. Ал "Азазель", "Есенин", "Участок", "Мастер жана Маргарита", "Пушкин. Акыркы дуэль", "Тагдыр тамашасы. Уландысы", "Адмиралъ", "Энелер" өңдүү тасмаларга тартылган.

Сергей Безруков 2000-жылы Ирина Ливанова аттуу актрисага үйлөнгөн. Түгөйлөр 15 жыл чогуу жашап, эки ажырым жолго түшүшкөн. Буга Кристина аттуу айымдын Сергейден бир кыз, бир уул төрөгөндүгү, алар тууралуу актёр көп жылдар бою жашырып келгендиги себеп болгон. Арадан көп өтпөй, 2016-жылдын март айында Безруков режиссёр Анна Матисонго үйлөнүп, ушул эле жылы 4-июлда кыздуу болгонун сүйүнчүлөгөн.

18-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: