super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин комитетинде вице-спикер менен депутат кайым айтышты

 

Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду 2016-жылдын 11-декабрына дайындоо жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралууда.

Анын жүрүшүндө депутат Чолпон Жакупова комитеттин төрайымы Асел Кодурановага кайрылып, Жогорку Кеңештин аппаратынын Укуктук экспертизалар бөлүмүнүн жообун сынга алды. "Сиз өз корутундуңузда Укуктук бөлүмдүн экспертизасына шилтеме берип жатасыз. Мен сизге жөнөткөн катымды окуп берейин: 12-октябрда Укуктук экспертизалар бөлүмү мен сунуштаган өзгөртүүлөр "мыйзам долбооруна байланыштуу эмес" деп кыска жооп берип койгон. Мага так, толук жооп берилиши керек эле, же болбосо менин сунуштарым эске алынышы керек болчу. Мен аталган бөлүмдүн мындай аракетин жооптон эптеп кутулуп кетүү деп баалайм..." деп Жакупова катын окуп жатканда, парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова каттын көчүрмөлөрүн депутаттарга алдын ала таратуу керектигин айтты. Буга Жакупова: "Кечиресиз, бирок мен көчүрмөлөрдү жасап беришим керекпи?" - деп нааразы болду.

Комитеттин төрайымы Кодуранова Жакупованын каты ага кечээ 16:00дө түшкөнүн билдирди. Өмүрбекова: "Мен жеке оюмду айттым", - деди.

Андан соң Жакупова катын окууну уланта баштаганда Өмүрбекова ага сүйлөй баштады. Ага Жакупова: "Сиздин "өчүрүп койду" дегениңизди кантип түшүнсө болот? Мен сизди өчүргөн жокмун. Балким, сизге ушундай угулуп калды окшойт", - деп жооп берди.






ЖКда вице-спикер менен депутат кайым айтышты (18.10.16)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: