ЖЫЛНААМА, 18-ОКТЯБРЬ: 2007-жылы Пакистандын Карачи шаарында ири жардыруу орун алып, 139 адам каза болгон

2007-жылдын 18-октябрында Пакистандын Карачи шаарында ири жардыруу орун алып, 139 адам каза болгон. Жардыргыч зат жол четиндеги унаалардын бирине жашырылып, Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун кортежи өтүп бараткан учурда жарылган. Жардыруунун күчү чоң болгондуктан, 139 адам каза таап, 450 адам жабыркаган. Бактыга жараша, Беназир Бхутто аман калган. Бирок 27-декабрда анын кортежине экинчи жолу жардыруу уюштурулуп, анын кесепетинен Беназир Бхутто каза болгон.
18-октябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.