Бишкек шаарында баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды
Бишкек шаарында баңгизат менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-октябрь күнү саат 14:00 чамасында 4-кичи райондон шектүү жаран тинтүүгө алынган. Тинтүү иштеринин алкагында анын шымынын чөнтөгүнөн кагазга оролгон героин табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.