Жогорку Кеңештин комитетине вице-премьер келбегенинен депутаттар кышка даярдануу маселесин карабай коюшту
Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 18-октябрдагы жыйынында өлкөнүн экономикасынын тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча өкмөттүн иши каралышы керек болчу. Бирок демилгечи вице-премьер-министр Олег Панкратовдун катышпаганынан аталган маселе кийинки жумага жылдырылды.
Жыйындын башында Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Айбек Калиев депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин билдирген. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, Панкратов жүйөлүү себеп менен иш сапарга кеткен. Депутаттар кыш мезгилине даярдануу маселеси вице-премьер-министрдин деңгээлинде каралышы керектигин айтышты. Жыйынтыгында аталган маселе 25-октябрда карала турган болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
0:26
2025-07-02

23:45
2025-07-01

22:42
2025-07-01

20:55
2025-07-01

17:57
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Nurbol

18.10.2016. 15:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
келсе эле бир нерсени чече коюшат беле
didi07

19.10.2016. 03:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суроо беришет ал жооп бералбай калат. Ушул нерсе депутаттарды канааттандырат анан бутуруп коюшат жакшы деп.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.