Интернетке "Мегаком" боюнча кайсы судья канча пара алганы жөнүндө маалымат айтылган видео чыкты
Интернетке "Мегакомдун" тегерегиндеги иштерге тийиштүү 2011-жылы тартылган видео жарыяланды. Тасма экс-депутат Равшан Жээнбеков менен "Мегаком" чуусу боюнча айыпталып, абакка отуруп чыккан Раушан Рыкунованын маегин камтыйт.
Рыкунова "Мегаком" компаниясына байланышкан ишти бүтүрүү үчүн убагында кыргыз судьялары миллиондорду сураганын, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьяларынан баштап Жогорку Соттун жетекчилигине чейин жалпы 1,5 миллион доллар суммасында пара алганын айтат. Мисалы, Момбеков деген судья 500 миң доллар, судья Калиса Качкыналиева 700 миң доллар, Бишкек шаардык сотунун ошол кездеги төрагасы Марс Жакупов 400 миң доллар, Жогорку Соттун төрагасынын ошол маалдагы орун басары Эркин Токтомамбетов 300 миң доллар алганын айтат Рыкунова. Айтылгандарга таянсак, бул акчалар "Мегаком" боюнча оң чечим чыгаруу үчүн суралган.
Мындан тышкары убагында Башкы прокуратураны жетектеп турушкан Байтемир Ибраев менен Кубатбек Байболов да ири суммаларды алышканы маалымдалды.
Раушан Рыкунова "Мегаком" боюнча судьялар канча пара алганын айтты

vse korrupcionery, i chto teper'? kto budet vernut eti $ ?