super.kg logo

"Сойкуларды коргогон" милиция кызматкеринин иши боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы иш алып барууда

 

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын ондорунда социалдык тармактар аркылуу белгисиз милиция кызматкери "сойкуларга тийишпегиле" деп башка кесиптештери менен урушуп жаткан видео тарап, ал кызуу талкууга алынган. Мындай окуядан кийин видеонун каарманы Бишкек шаарындагы №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын кызматкери Пардабай Намазбаев экени белгилүү болгон. Массалык маалымат каражаттарында учурда Намазбаевдин иштен алынгандыгы тууралуу, муну менен катар ал иштен алынбай эле башка районго которулгандыгы тууралуу эки ача маалыматтар жазылууда. Бул боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын башчысы Олжобай Казабаевге кайрылдык.

- Пардабай Намазбаев иштен алындыбы же Ленин райондук №3-шаардык милиция бөлүмүнө которулдубу?

- Окуя тууралуу билинген соң аталган кызматкер катуу сөгүш алып, №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгында иштөөгө моралдык укугу жок делинип Ленин райондук №3-шаардык милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башчылыгына ротацияга которулган. Мындай которуудан кийин видеодогу маселе боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, Бишкек шаардык прокуратурасына тапшырылган. Мыйзам боюнча, ишин прокуратура карап жаткан кызматкер убактылуу кызматынан четтетилет. Учурда бул окуяга юридикалык баа берүү үчүн шаардык прокуратура иш алып барууда. Иши тергөөдө каралып жаткандыктан, №10-милиция бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Козубаев жана ошол эле бөлүмдүн Коомдук коопсуздукту сактоо башкармалыгынын башчысы Пардабай Намазбаев кызматтан четтетилишти.

- Мыйзам боюнча, укук коргоо кызматкери кандайдыр бир ишке байланышы бар болуп чыкса, ага бир эле ирет жаза колдонулат эмеспи. Бул окуяда Намазбаевге алгач сөгүш берилиптир, андан соң кызматынан ылдыйлап, райондук бөлүмгө которулуптур, эми кызматынан четтетилди деп жатасыз... Коомдук талкуу күч алып кеткен үчүн эле элди тынчыталы деп мыйзам бузулуп жаткан жокпу?

- Мурда иштеп жаткан кызматынан 10-башкармалыкта иштөөгө укугу жок деп Ленин райондук
№3-шаардык милиция бөлүмүнө которулган деп жатпайбызбы. Бул которуу сөгүш алган соң болгон. Иши прокуратурада териштирилип жатканда, мыйзамга ылайык, убактылуу четтетиле туруш керек. Прокуратура бул ишке юридикалык баа бергенден кийин алардын чечимине жараша же таптакыр кызматтан алынышы, же кылмыш иши козголушу мүмкүн. Муну биз чечпейбиз, прокуратуранын чечимине жараша болот.

- Видеодогу окуя кайсы учурда тартылган? Видео жарыяланганга чейин эле Пардабаевдин сойкуларды калкалап жүргөндүгү билинип, иштен айдалганбы же баары видео жарыяланган соң башталдыбы?

- Видео ушул жылдын 15-майында тартылган. Аны белгисиз бирөөлөр жашыруун камерага тартып алып, телевидениелердин бирине берген. Бирок ал социалдык тармактар аркылуу интернетке тарап кеткен. Сөгүш берүү видеонун таралышынан кийин болгон. Ал эми кызматынан которуу иши бир жума мурун болду го дейм.

- Буга чейин эле "милиция кызматкерлери сойкуларды калкалашат" деп айтылып келген. Башка кызматкерлер да ушундай иштер менен алектениши мүмкүнбү?

- Азыр жалгыз эле Пардабаевди суракка алып жатышкан жок. Бул боюнча анын башка кесиптештери да суроолорго жооп берип, иликтөөгө катышып жатышат. Бардык кызматтык иликтөө, тергөө тиешеси болсо да, болбосо да ушундай жүрөт. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

- Укук коргоо кызматкерлерин таанып же тааныбай тургандыгы боюнча сойкулар да суракка алынып жатышабы?

- Албетте, сурак эки тараптуу жүрөт да.






Милиция кызматкери "Сойкуларга тийишпегиле" дейт

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
18.10.2016. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Камыгылада канча жылдан бери акча алганын чыгаргылада
18.10.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алган акчасынын баары арам.арам нерсе эч качан жукбайт.
18.10.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок буларга
18.10.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ойума койсо муну ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-19 13:00:16
19.10.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daky,провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт! Эскертүү!
18.10.2016. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кыласынар
18.10.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мына сага эррркек. Кайсы бети менен башын которуп журот эми тууган урук дос душман жоро жолдоштун астында.
18.10.2016. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менттер баары эле иштешет жок дегенде 70%ти бул видеого тушуп калыптырда жон жерден сойкулар эчнерседен коркбой журотго козго илбей жаш каарыны крышасы бар учун иштейтта
19.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумуштан айдаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: