Индиядагы ооруканадан чыккан өрт 23 адамдын өмүрүн алды



Индиянын Орисса штатындагы Бхубанешвар шаарында жайгашкан жеке менчик ооруканалардын биринде өрт чыгып, 23 адам курман болду. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы кечээ, 17-октябрда оорукананын 1-кабатында чукул туташуудан улам келип чыккан.
"Ооруканадагылар истүү газдан ууланып каза болушкан. Ал эми 100 адам ар кандай жаракаттарды алышып, жергиликтүү бейтапканаларга жеткирилген. Өрт чыккан учурда ооруканада 500 адам болгон. Алардын көпчүлүгү кырсык учурунда терезелер аркылуу эшикке чыгууга аракет кылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ruslan.Pamir

18.10.2016. 22:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым озу сактасын Кыргызстанымды жана башкаларды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.