Ала-Букада үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү дагы казылып алынды
Ала-Букада үчүнчү ирет жерге коюлган баптист аялдын сөөгү дагы казылып алынып, бирок учурда сөөк кайда экени белгисиз. Бул тууралуу маалыматты тактоо максатында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда маалымат тастыкталды.
Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына буларды билдиришти: "Аталган аялдын сөөгү кайрадан казылып алынып, Чаткалга алынып кеткен деген маалымат тараган. Бирок Чаткалдын жергиликтүү бийлиги жана милиция кызматкерлери ал аялдын сөөгү ал жакка келбегенин айтууда. Маркумдун сөөгү Чаткалда жерге берилгени айтылганы менен, аны тастыктаган далилдер жок болууда".
Эске салсак, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 13-октябрда көз жумган. Анын сөөгүн жергиликтүү айылдын бейитине коюуга айылдыктар каршы чыгып, койдурбай коюшкан. Кийин Өрүктү айылына коюшкан, бирок ага да каршылыктар болгондуктан, сөөк Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу жерге коюлган. Ал эми 17-октябрда жергиликтүү тургундар сөөктү кайрадан казып чыгарып коюшканы айтылып, ал үчүнчү ирет жерге берилген болчу.


Мусулманбы башкабы баары бир кудай алдында куноокор пендебиз, мусулмандар куноосуз аппак эмес же мусулманмын деп койсо эле ыймандуу эмес.
Ансыз деле жазалап жатат.
динин сатып каяктагы бир атам тааныбаган сектага отуп!!!
Экинчиден динге озгортуу, толуктоолорду киргизген "акылдуулардын" коптугунон улам, ислам дини пайгамбар убагынан бугунку кунго келип толтура бутактарга, радикал агымдарга болунуп отурат.
жок дегенде айылдын бир четине койуш керек деп атат,шариятта башка диндегилерди эч жерге комбогуло дегенби?
Каапырлар мусулмандардын бейитине комулбосун деп Курандын кай жеринде жазылып турат, ошону коргозгулочу. Билип-билбей суйлоп чала мусулман болгондун да жазасы бар чыгаар...