Украинада жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны өсүүдө




Украинада жасалма аракка ууланып каза тапкандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Үстүбүздөгү жылдын 18-октябрына карата алынган маалыматтарга ылайык, жасалма арактан уулангандардын саны 142 адамды түзүп, анын ичинен 64ү каза тапкан.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жасалма арак даярдаган ишкананы аныкташып, учурда иликтөө иштери жүрүүдө. Киевде жүргүзүлгөн рейддин алкагында, 10-октябрдан 17-октябрга чейинки убакыт аралыгында 500 литр өлчөмүндөгү жасалма арак алынды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бул маалыматты чыгарам деген журналисттер бизге келсеңер көрсөтмөкпүз. Бир түн сменге калып, өз көзүңөр көрүп келесиңер.