super.kg logo
  Саясат  

Депутат спикерге: "Конституцияны өзгөрткүлө" деп бир киши жүрөгүңөрдүн үшүн алып койду окшойт"

 

Жогорку Кеңештин 19-октябрдагы жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев "Референдумду ким дайындайт?" деген суроосуна төрага Чыныбай Турсунбековдон жооп ала албай койду. Депутат ага бул суроону 3 жолу берген. Турсунбеков Абдылдаевге: "Сиз экөөбүз жолугуп, муну талкуулаганбыз. Юристтер, адистер катышкан. Жооп Конституцияда жазылган", - деп күлүп жооп берип жатты. "Эгер Конституцияда жазылса, окуп бербейсизби..." - деп суранганда Турсунбеков жооп берүүдөн баш тартты. "Бир киши жүрөгүңөрдүн үшүн алып койду окшойт", - деп кайрылды спикерге Абдылдаев.

Айта кетсек, Конституцияга ылайык, референдумду Жогорку Кеңеш дайындайт.






Депутат спикер Турсунбековду жарга такады (19.10.16)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: