Гүлнур Сатылганова: "Айчүрөк Иманалиева "Сахна" ырын радиолордон алдырды"

Ырчылар Гүлнур Сатылганова менен Айчүрөк Иманалиеванын "Сахна" аттуу ырды талашканы социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган эле. Ыр мыйзамдуу түрдө Гүлнур Сатылганованын репертуарындагы ырларынын тизмесинен орун алды. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG`ге бүгүн, 19-октябрда билдирди.
"Айчүрөк Иманалиева мен ырдай турган ырды эч уруксаты жок, авторлор менен көзмө-көз сүйлөшпөй, ырдап алган эле. Муну туура эмес көрүнүш деп ойлойм. Учурда ыр толук мага өттү. Буга далил катары менде тиешелүү документтер, келишим кагаздары бар. Айчүрөк Иманалиева эми ал ырды ырдабайт, радиолордон алдырды", - дейт ырчы.
Белгилей кетсек, жакында эле Гүлнур Сатылганованын "Сахна" аттуу ыры жарык көргөн. Андан аз өтпөй ырчы бул чыгарманы Айчүрөк Иманалиева уруксатсыз ырдап чыкканын айткан. Ал эми Иманалиева буга "ырды мен Гүлнурдан мурун ырдап чыктым" деген жооп узаткан эле.

айчурок эжем - алла пугачева. экоо тен кучту ырчылар.
Баракелде, мындай ырлардын даалайын ырдайсыз буйруса.
А Гулнур эжекебиз менчиктеп, кучактап жатсын.
Гулнур эженин эмгеги куч,изденуунун устундо,ал эми мунозу тууралуу эч нерсе айта албайм жакындан тааныбагандан кийин.
Ушуну ким айтат чон артист деп уят гулнур эже уят