super.kg logo

"Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучуларына АКШга барууга виза берилген жок

 

"Атанын керээзи" тасмасынын жаратуучулары 23-октябрда АКШга бир топ фестивалдарга катышуу үчүн учуп кетүүнү пландап жатышкан. Бирок виза берилбей калган, азыр бул боюнча маселелер чечилип жатат. Маалыматты SUPER.KG порталына аталган тасманын режиссёру Дастан Жапар уулу билдирди.

"АКШга Азия дүйнөлүк кинофестивалы, "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына барууну пландап жатканбыз, бирок бизге виза беришкен жок. Жалпыга бирдей жооп берилген катта "Силер консулду Кыргыз өлкөсүнө кайра кайтып келериңерди ынандыра алган жоксуңар. Америкада калып калышыңар мүмкүн экен" деген маанидеги билдирүү бар экен. Бүгүн виза берилип калса, 23-октябрда учуп кетүүнү пландап жатканбыз. Биздин тасма өкмөттүк деңгээлде каралып жаткандыктан, жакын арада бул маселе чечилет. Бизге Тышкы иштер министрлиги тарабынан чечилип калышы мүмкүн экенин айтып чалып жатышат", - дейт режиссёр.

Азия дүйнөлүк кинофестивалы Лос-Анжелес шаарында 24-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, "Атанын керээзи" толук метраждуу тасмасы бүткүл дүйнөлүк "А" класстагы Канаданын Монреаль шаарында өткөн кинофестивалда дебюттар арасында "Алтын Зенит" баш байгесин жеңип алган. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Оскардын" лонг-листинде (сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин алдын ала түзүлгөн узун тизмеси) "Чет тилиндеги мыкты фильм" номинациясында тартууланат. Андан соң сыйлыктын шорт-листине кирүүгө ат салышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.10.2016. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атанын керези деген кайсы кино эле жанакы Сундук предков дегенбеле
19.10.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Azizbek.kg8, ал эмес. Бул жаны тартылды
19.10.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
койгулачы эми Оскар деп опко каккылабай. биринчи кино тартканды уйронсонор. ошо
Izdeim_seni. түзөттү 2016-10-19 20:52:22
20.10.2016. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнолук денгээлге жетпейт го менимче калп эле убара..эми аракетинерге береке ийгилик силерге кино жаратуучулар...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: