super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Коштошуу" клибинде ырдагы каармандардын трагедиялуу тагдырын чагылдырдык" дейт Түмөнбай Колдошов

 

Арзышкан эки жаштын армандуу махабаты ырчы Түмөнбай Колдошовдун "Коштошуу" ырынын клибинде чагылдырылат. Клипти режиссёр Жоомарт Абдыразаков тарткан.

Идеясы, кантип тартылганы тууралуу ырчы мындай дейт:

"Ош шаарындагы Улуттук драма театрында иштеген Сүйүн Жоробаев аттуу сүрөтчү жигит бар эле. Ага ырды угузуп, ырдагы каармандардын трагедиялуу тагдырын чагылдыруу керектигин түшүндүрдүк. Ал бизге ар бир кадрды, окуялардын алмашуусун сүрөткө тартып көрсөтүп берди. Мага акыркы сценарийди көрсөтүшкөн соң өзүмдүн оңдоп-түзөөлөрүмдү киргиздим. Алсак, сценарий боюнча ата-энелер чогуу отурган жерде сүрөтчү жигит келип, күзөтчүлөр менен мушташып кетиши керек эле. Мындай окуялар көптөгөн тасма, клиптерде кездешет. Ошондуктан ал жерин алып салып, жөн эле эшиктин жабылып калышы менен бүтөрүн көрсөттүк. Ошондой эле сүйгөнүнө жетпей калган жигитти да атайын чыгармачыл инсан болсун деп, сүрөтчүнүн образында көрсөттүк.

Клиптеги башкы каармандын ролун Акмаанай аттуу Ош мамлекеттик университетинин студенти аткарды, ал эми жигит 11-класста окуйт экен, атын унутуп калдым. Андагы каармандардын баары менин чыгармачылыгым менен тааныш, мени сыйлаган адамдар экен. Берилүү менен, режиссёрду кыйнабай 2-3 дубль менен тартылып беришти".

Түмөнбай Колдошовдун "Коштошуу" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
20.10.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз да бала да жакшына экен.Кызда ашыкча макияж жок.сонун.
21.10.2016. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХ мурундар тойгозду
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-21 10:21:45
21.10.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chon.alai., Сенин мурдун тазабы?
21.10.2016. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chon.alai., этика нормаларын сактаңыз!
21.10.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Abdurahman, жеке айтышуулар купуяга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: