Кыргызстанды 2015-жылга чейин санариптик телеберүү форматына өткөрүү боюнча өкмөткө тапшырма берилди
"2015-жылы көпчүлүк өлкөлөр санариптик телеберүү форматына өтүүнү көздөп жатышат. Кыргызстанда бул форматка өтүү үчүн 15 миллион доллар каражат талап кылынат",- деди ЖКнын 17-апрелдеги жыйынында депутат Эгемберди Эрматов. Анын айтымында, телеберүүнүн мындай ыкмасына өтүү өлкөнүн алыскы аймактары үчүн пайдалуу. Маалыматтар боюнча, Жогорку Кеңештин токтому аркылуу өкмөткө 2015-жылга чейин Кыргызстанды санариптик телерадиоберүү форматына өткөрүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

