Казакстандык продюсер Баян Есентаева күйөөсүн кечирди

Күйөөсү Бахыт Есентаев тарабынан ур-токмокко алынган казакстандык продюсер Баян Есентаева бүгүнкү соттук отурумда аны кечиргенин "Тенгриньюс" басылмасы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Баян Есентаеванын адвокаты Марат Аскарбековдун айтканы боюнча, алардын балдары атасын кечиришсе, Есентаева күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин айткан. Ошондой эле Баян Есентаева соттон Бахыт Есентаевге карата козголгон кылмыш ишин токтотуп, аны залдан бошотууну өтүнгөн.
"Баян бул маселе боюнча сарсанаа болуп, күйөөсүн кызы үчүн кечирди жана соттон эркинен ажыратпаган чечим чыгарууну өтүндү", - деген адвокат.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-июнунда Бахыт Есентаев жубайын ур-тепкиге алып, бычак сайып жиберген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
0

Мен жакында озумдун кошунам келинчегин сабап жатыптыр мен бара калсам эле Байке жардам эле жардам деп кыйкырып калганынан бара калып ажыратып койдум телефон чалып Ата энеме айтып койун мени олтуруп атат келип алып кетсин десе мен да чалып айтып койуп атпаймынбы Ата энесине
Эртеси эле карасам бир бактылуу болуп колтукташып алышып журушот .
Ошентип кошунама аябай уят болуп жургом