super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 20-ОКТЯБРЬ: Мындан 53 жыл мурун кыргыз труппасы цирк аренасына алгачкы ирет чыккан

 

Мындан 53 жыл мурун кыргыз труппасы цирк аренасына алгачкы ирет чыккан. Кызыгы, алгачкы кыргыз циркачы кытай улутундагы адам болгон. 1962-жылы өкмөттүн чечими менен эң алгачкы кыргыз цирк труппасы түзүлгөн. Ал "Жаш Кыргызстан" деп аталып, анын жетекчиси болуп кытай улутундагы Чжан Фун-Лин дайындалган (кыргыздарга каны сиңишип калган кытай кийин Жаныбеков деген фамилияга өткөн дешет). Цирк аренасына кыргыз труппасы алгач 1963-жылы 20-октябрда чыккан. Бул дата кыргыз циркинин негизделген күнү катары тарыхта калган. Ал эми 1976-жылы 1000ден ашуун орундугу, циркке ылайыкташкан технологиясы менен цирк имараты курулган.

Жарым кылымдык тарыхы бар Кыргыз мамлекеттик цирки бүгүнкү күндө кароосуз калганы, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай жатканы тууралуу цирк кызматкерлери көптөн бери айтып келишет. Ушул жылдын июнь айында аталган жайдын кызматкери Муратбек Акматов: "1970-жылдары Абубакир Изибаев Кыргыз циркинин эле эмес, Алматы шаарындагы цирктин да директору болчу. Ал киши бул тармакты өнүктүрүүгө зор салымын кошкон. Көзү өткөн соң көп эле кыйналдык. Азыркыга чейин кыйналып келе жатабыз", - деп Кыргыз циркин сактап калууга коомчулукту, өлкө башчыны чакырып өткөн.

20-октябрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: