Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучуга көңүл айтты
Президент Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган тик учак кырсыгына байланыштуу Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзийоевге көңүл айтты. Өлкө жетекчиси Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун туугандарына, жакындарына көңүл айтуу жана колдоо сөздөрүн жеткирип коюусун Мирзийоевден өтүнгөн.
18-октябрда Өзбекстандын Фергана облусунда тик учак кулап, 9 адам каза тапты. Өзбекстандын Коргоо министрлиги бул окуяны “кокустук” деп атап, кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

